www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалы абакта жаткан активист Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырды.
17-апрелде Биринчи май райондук соту Бекчоро уулунун бөгөт чарасын карап, 20-июнга чейин камакта калтырган. Бүгүн, 2-майда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө катыруу чечимин кабыл алды.
Өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.
Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.
Булак: NazarNews.kg