www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык сотунда Камчыбек Ташиев жана «75 кат» иши боюнча апелляциялык арызды кароо 13-августка жылдырылды. Буга айыпталуучулардын жактоочулары прокуратуранын апелляциялык даттануусу менен таанышып үлгүрбөгөнү себеп болгон.
Иш боюнча мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана президентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгон Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев айыпталууда.
Июль айынын башында Биринчи Май райондук соту иштин бардык фигуранттарын бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Бирок жаза үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырылган.
Өкүмгө Башкы прокуратура жана айыпталуучулардын адвокаттары апелляциялык даттануу беришкен. Апелляцияны кароо жабык режимде өтүүдө.