www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын соңку жаңыртылган маалыматы боюнча, бир мандаттуу округдардан болочоктогу парламенттеги 36 орун үчүн 335 талапкерден арыз түшкөнүн, алардын ичинен 14 талапкер арыздарын кайра кайтарып алган.
Учурда 80инин документтери текшерилип бүтүп, алар расмий түрдө талапкер болуп каталды. Калган арыздар боюнча тактоолор уланууда. Ал эми шайлоого катышуу ниетин билдирген 70тен ашык саясий партиянын 21инин толук тизмеси бекитилди.
Алар: «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Улуттар Биримдиги», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ыйман нуру», «Альянс», «Эл Үмүтү», «Азаттык», «Улуу Журт»,«Мекенчил Эл», «Кыргызстан Биримдиктүү партиясы», «Социал-демократтар», «Аруузат», «Ордо», «Багыт», «Жашылдар партиясы», «Легелайз», «Күчтүү регион» жана «Жашасын Кыргызстан» партиялары.
Тизмелери толук аныкталып, БШК тарабынан бекитилген 21 партиянын жалпы талапкелеринин саны 1046. Алардын ичинен 669 эркек болсо, 377си аялдар. Аталган партиялардын ачык тизмелеринин жарыяланышы бүгүн күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg