www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Коопсуздук кеңешинин жыйынында шайлоо маселеси тулкууланды. Акыркы жылдары шайлоо Кыргызстанда – өтө кооптуу жана коркунучтуу нерсеге айланып, аны өткөрүү – президент, Жогорку соттун төрайымы жана башка жетекчилердин катышуусунда каралып калды. Президент тараптан коюлган талап – шайлоону ачык жана мыйзам чегинде өткөрүү.

Бир жагынан караганда, бул – акылга сыйбаган нерсе. Мектеп директору окуучуларды – окугула, мугалимдерди – силер окуткула деген талап койгон сыяктуу. Бирок акыркы жылдары кыргыз коому ушучалык бузулган – жөнөкөй ак-ниеттүүлүк сейрек нерсеге айланып кеткен жана элементардуу эрежелердин сакталышы эң жогорку деңгээлде чечилиш керек.

Бирок баардык жетекчилер ар дайым чиновниктерден – мыйзам чегинде гана аракеттениш керек деп келет, анткен менен, алар – жетекчилер өздөрү мыйзам бузуп жатканын күнүгө көргөндүктөн, андай баш аламандык кар көчкөнсүп көбөйүп кеткен. Ошондуктан 28-ноябрда – коом канчалык оңоло баштаганы сыналат.

Последние новости