www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошсом деген намысты бек туткан жигиттерибиздин бири машыктыруучу, чемпион Кыргыз Республикасынын дене-тарбия, спорттун отличниги  Шайлообек Атазовду кепке тарттык. 

--Шайлообек мырза, акыркы мезгилде Атамбаевдин балдары саясатка аралашуу ниети бар экенин билдирип, партия ачышканы маалым болду. Алар саясатка аралашып, атасынын кадырын өстүрөбү же тескерисинче кетиреби?  

--Атамбаевдин балдары саясатка аралашып атасын актай албайт! Саясат мамлекетти башкаруунун искусствосу! Саясатка кесипкөй, билимдүү, мекенчил кадрлар керек! Саясат ууруларды коргой турган адвокаттык контора эмес! 

--Саясатка аралашса, ийгилик жылмайбайт деп ойлойсузбу? Балким атасын кадырлаган адамдар буларга колдоо көрсөтөөр...

--Атамбаевдин балдары саясатка аралашып, ийгиликке жетээрин же оркойгон кемчилик кетирээрин убакыт көрсөтөт. Менимче, Атамбаевдин бийлиги учурунда мамлекет эл аралык аброюн жоготту. Экономика чөгөлөдү. Ички жана сырткы саясий абал кризиске кептелди! Чыгаан инсандарга саясий репрессия болду. “Кумтөр” мафиясы, ТЭЦ афёрасы, Дача-СУ, 2010-жылкы түштүктөгү кандуу окуясы орун алды. Сырткы карыз эки эселеп өстү. Мына  ушул маселелерде ата уулдары адилеттүү кадам кыла алса, анда атасынан артык уул болушат.

Бирок, Атамбаевдин балдары бир нерсени түшүнүшү керек. Аллах Таала, Атамбаевге 6 жыл чоң мүмкүнчүлүк, берип президент кылды. Ал кызмат элдин аманаты болчу. Өкүнүчтүүсү, Атамбаев элди каалагандай мазактады. Элдин эртеңин, коопсуздугун, жыргал турмушун каалагандай тебеледи. Аманатка кыянаттык кылды. Эми балдары башка партия ачып, саясатка аралашса деле ал партиянын келечеги алар ойлогондой болбойт.

Тагыраагы, жаңы партия аларга аброй алып келбейт. Булардын артында алысты көрө билбеген саясий технологдор турат. Алар түрдүү ыкманы колдонсо да, бийликке келүүсүнө жол ачылаарын Кудай билет. Анткени, алар элдин ишениминен чыгып калышкан. Ошон үчүн эл баштагыдай колдобойт деп ойлойм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости