www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлообек Атазов менен Бурун Аманова Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алат. Маалыматты «Ата Мекен» фракциясынын лидери Айсулуу Мамашова тастыктады.

Атазов жакында эле депутаттыктан кетип президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган Искендер Гайпкуловдун ордуна келет. Ал эми Аманова мандатын тапшырып Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кеткен Гүлнара-Клара Саматтын мандатын алат.

Мандат алаары белгилүү болгон талапкерлер 2015-жылкы шайлоодо «Ата Мекен» партиясы менен катышкан.

Бирок, Шайлообек Атазов жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» (49-катарда) партиясы менен аттанган. ЕРЕМ спорт клубунун аткаруучу директору.

Бурун Аманова «Биримдик» партиясы (40-катарда) менен катышкан. «Небесные горы» туристтик компаниясынын жетекчиси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости