www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы Сыргак Айткурманов кабинетинде арак ичип отурган жеринен ички иликтөө кызматынын жасоолдоруна кармалып, бирок жоопкерчиликке тартылбай кутулуп кеткени кандай? Бул боюнча өздүк курамдын ичинде дуулдап сөз болууда. Эгерде катардагы милиция жумуш убактысында ичкилик ичип кармалса, чоң көйгөй жаралып, ишинен токтоосуз түрдө айдалмак. Ал эми Сыргак Айткурманов «крышасына» таянып, жогору жактан телефон чалуунун күчү менен «кабагым-кашым» дебей жазадан кутулуп кеттиби?

ИИМдин ички иликтөө кызматынын начальниги Конок Өскөнбаев бул боюнча эмнеге үн катпайт? Алдуунун астында бүжүрөп, алсызды баса калган өнөрү өркүндөй береби? Алдыда али көп суроолор бар.

Сыягы, уюшуп ичкичтер системаны «шарашкина контора» кылып бүтүшөбү? Качанкыга чейин?

ИИМ орун басары, тергөөнүн куратору Аширходжаев тартипке чакырбай эшек такалап отурабы? Эрксизден баш чайкайсың.

Булак: Азия News гезити

Последние новости