www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Сиз адилеттүүлүк үчүн өз пикириңизди дайым билдирип келесиз. Ошондой эле активисттердин тынчтык жүрүшү аптанын ар жекшембисинде болуп келе жатат. Ошол убактан бери жалпысынан кандай өзгөрүүлөр болду?
- Октябрдагы будуң-чаң окуялардын соңунан бери бийликтин мыйзамсыз иштерин айтып, тынбай аракет жүргүзүүдөбүз. «Жогору жактагылар реакция жасабайт» деп айта албайм, биздин маршыбыз кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизүүдө. Ошон үчүн Садыр Жапаров жарандык коомдун өкүлдөрүнө «силерге кыларга иш жок, эч себепсиз эле митингдерге чыга бересиңер» деген кыязда нааразычылыгын билдирген жайы бар.
- Канткенде коррупциясыз, адилеттүү өлкө боло алабыз?
- Коррупция чырмалышкан өтө зыяндуу илдет сыяктуу да. Ар бирибиз тикебизден-тик туруп каршылык көрсөтүп, тынымсыз күрөшсөк гана тыйылышы мүмкүн. Ага каршы чабуул жасаган мамлекеттик иш-аракет, программа иштелип чыкса болмок. Болбосо, баары эле сөз жүзүндө айта беришет, жыйынтык жок, нөл. Мындай болбойт!
- Социалдык тармактарда сиздерге карата сындар көп айтылат. Анын ичинде «чек ара маселесине ушундай күйүп чыгышпайбы» дегендер да бар. Чын эле сиздердин үн менен маселе чечилсе, чек араны тактоо тууралуу неге унчукпайсыздар?
- Кантип эле үн катпайлы? Жарандык актвисттер чек арада жаңжал болбогон тынч күндө деле тынбай айтып, жазып келишет. Жогору жактагылардын аларга көңүл бурган жери жок. Бийлик тажик жана өзбек башчылары менен дал ушул маселе боюнча мамлекеттер аралык деңгээлде иш алып барууга даабайт. Эрксиз сыяктуу. Эмнеге ар дайым чыр-чатак чыгат? Себеби эмнеде? Абалдан чыгуунун жолдору барбы? Бул үчүн токтоосуз маселе коюп, анализдеп иш алып баруу зарыл.
Айрым саясатчылардын чек ара маселеси боюнча мурдагы чекилик иштеринин аягына чекит коюлбай келет. Алар тууралуу эл арасында ар кыл кептер айтылууда. Ошолор чыксын, ошолорду кеп-сөзгө тартсын бийлик, күнөөлүү болсо жазасын беришсин да. Улам эле чубалжытып, билмексен боло бербей. Мамлекет башчылары Баткенде жолугушуп, талаштуу жерлер боюнча маселе жеринде чечилсе болмок. Сөзсүз түрдө эле Рахмонду же Мирзиёевди Бишкекте салтанат менен тосуп алуунун кереги жок. Маселенин чечилүүсүнө алар өздөрү да кызыкдар. Келип, өз көзү менен көрүп, көйгөйдү жеринде чечүүгө чакырса болот.
Булак: Азия News гезити