www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райымбек Матраимовду батышчылдар каматты. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 25- февралда билдирди.
--“Кыргызстанда 15 жылдан бери жыл сайын спорт боюнча бир топ чоң мелдештерди өткөрүп жүрөбүз. Республиканын баардык аймактарында эле болуп келген. Муну саясат кылуунун кереги жок. 2019-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда Матраимовдор өткөргөн спорт боюнча чоң мелдешке өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана көптөгөн белгилүү саясатчылар барган. Мен дагы барып катышкам. Ошондой эле, райондогу миңдеген аксакалдар, айыл тургундары баары оюнга күбө болушкан. Ал жерде спорттун бир канча түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Көптөгөн спорт чеберлери катышып, айрымдары ийгиликке жетти. Ошол эле учурда Ноокатта дагы спорт оюндары боюнча мелдеш болгон, биз баарыбыз барганбыз. Андай болсо аны дагы көрсөтүш керек.
Ал эми Райымбек Матраимов камалганда ошол “тойго барган чиновниктер барган жок” деген пикирлер айтылды. Ал учурда ар кандай кырдаал болуп, чукул болуп калды. Тойго барган чиновниктредин ичинен бир гана депутат Таабалды Тиллаев барып, өзүнүн түз пикирин ачык айтып, эч кандай бийликке болгон карама-каршы сөз айткан жок. Бир гана ар кандай уюмдар тууралуу оюн билдирди. Бул анын адамгерчилиги деп эсептейм.
Ал эми Райымбек Матраимовдун канчалаган карпайым элге жардам бергени баарыбызга белгилүү. Мисалы, мамлекетке көптөгөн пайдалуу иштерди жасады. Социалдык абалы начар үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кол сунду. Ден соолугунан ажырап, операцияларына көп каражат керек болгон бейтаптарга акчалай жардам берди. Ошондой эле пандемияда кыргыз элине кайдыгер карабай, ар бир облуска гуманитардык жардам жөнөттү. Баардык айылга чейин ун, майы жетти. “Билим алам” деген жаштарды, спортчуларды дегеле башка жарандарды дагы көтөрдү. Бирок бул адамдын бир өзгөчөлүгү бар экен. Жардам бергенин милдет кылып жарыялап айтпаптыр, камалганда карпайым элдер келип колдошту. Ошондо көбүн билдик. Айрым саясатчыларды көрүп жүрөбүзго кичинекей жардам бергендерин реклама кылып мактанышат. Андыктан ушул сыяктуу кыйын жигиттерди мамлекетке пайдаланып, кыргыз элине жумшагыдай багытта колдонсок.
Райымбек Матраимов батыштын куралы болуп жатат. Эч жака качпай, суракка кирип, 2 миллиард акчаны төгүп берди. Бирок ошого карабастан камап салгандары туура эмес. Менин оюмча башка адамдардын саясий кызыкчылыгы болуп жатат”, - дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg