www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол эрежесин бузуу менен айыпка жыгылган айдоочулар «Коопсуз шаарды» сотко берсе утуп алат. Бул туурасында парламенттин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.

Алгач эл өкүлү «Коопсуз шаар» долбоору бизнес эмеспи деген суроо салды. Буга ички иштер министринин орун басары биринчи кезекте коопсуздук экенин айтты.

«Бул түздөн-түз бизнес, айып салып акчасын чогултуп аласыңар. Байкуш айдоочулар сотко берсе силерди утуп алат. Себеби айдоочуларга шарт түзүп берген жоксуңар. Жол чийиндерин, камераларды эл аралык талаптагыдай орнотпой «шпиондук» менен коюп, эреже бузганга мажбур болуп жатышат. Аэропортко бараткан жолго саатына 40 чакырымдык чектөөнү коюп койдуңар, ал эми мектептер жабык. Көлгө бараткан жолдо камера деген белги бар, бирок биринде да канча ылдамдык менен жүрүү керектиги жазылган эмес», — деди депутат.

Ошондой эле, ал Бишкектин Горький көчөсү менен Манас проспектинин кесилишинде чийилген сызыкка эки автоунаа батпай турганын айтып, айла жок чийинди тебелеп өткөнү үчүн айып салынып жатканын мисал келтирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости