www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамашова Айсулуу Турусбековна менен ортобузда эч кандай талаш жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атаозов билдирди.
Депутаттын айтымында, ал жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишбестик болуп кеткен.
«Урматтуу достор! Мен энелерди, эже карындаштарды ар дайым сыйлайм!
Кечээ күнү Жогорку Кенеште «Ата Мекен» фракциясынын лидерин алмаштыруудагы пикир келишпестиктен парламентте кайым айтышуу болгон.
Мен Айсулуу Турусбековна менен эч кандай урушкан жокмун! Мамашова Айсулуу Турусбековна «Ата Мекен» партиясынын эң билимдүү депутаты, тарбиялуу үй-бүлөмдүн, чыгаан саясатчы, жакшы атанын кызы деп урматтап сыйлайм!
Биздин ортобузда эч кандай талаш жок. Азыр да чоң сый урматтамын! Кече куну парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишбестик болуп кеткен. Ошол учурда болуштуруу максатта мага келип колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр. Биз партиялаштар бир нече минуттан кийин баарыбыз чогулуп стол үстүндө чечишип, кечиришип алганбыз. Иш болгон жерде, талаш-тартыш да болот экен.
Урматтуу ФБ баракчамдагы достор!
Мен мамлекеттин туусун көтөргөн жигит катары ар дайым энелерди, эже-карындаштарды сыйлап келем! Мындан ары да сыйлай бермекчимин! Керек болсо өлкөбүзгө коркунуч болсо жалпы элимди, аял затын коргоо даярмын! Мени түшүнүп, колдоп буга чейин ЖК айтып чыккан маселелеримди болушуп, жылуу пикир калтырып жатканыныздар үчүн сиздерге чоң рахмат жана таазим кылам!
Урматтуу кээ бир бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү! Ушул жерде да жумурткадан кыр издеп, мени каралоо менен алектенип жатасыздар. Сиздерге да Кудайдан ыйман, бакыт тилейм! Ар дайым силер каалагандай болуп журуш үчүн, баарыңарга жагыш үчүн мен доллар эмесмин!
Адам болгон сон кемчиликтер бар. Эң негизгиси, эки кызыл дипломдуу болуп алып, билидүү ууру болуудан, мамлекетти тоногон чиновник, депутат болгондон кудай сактасын! Мен өз өлкөмдү сүйгөн, патриот инсан катары чындык үчүн ар дайым күрөшөм!», - деди Атазов.
Булак: NazarNews.kg