www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун Лейлек районунун элдик кошууну Тажикстандан келген аялдарды кармашты. Алар Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Бул тууралуу элдик кошуундун өкүлдөрү 24.kg маалымат агенттигине билдиришти.
Алардын айтымында, Кулунду айылынын талааларында бир нече аялдар иштеп келген.
"Биз аларды Ак-Арык айылында кармадык. Аларды Кыргызстандын жараны "Портер" унаасы менен алып келген. Тажик аялдары жыл сайын Кыргызстандын айылдарында талаада иштешет. Бирок быйыл, жазгы окуялардан кийин кыргыз-тажик чек арасы толугу менен жабылган. Тажикстан ар бир кыргыз жаранын, эгерде ал кокустан тосулган аймактан өтүп кетсе, кармалат. Ал эми биздин милициялар көздөрөн жумуп коет", - деп билдиришти агенттикке элдик кошуундун өкүлдөрү.
Баткен ШИИБи маалымат такталып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасы 24-майдан бери жабык, ал тургай аба каттамдары токтотулган.
Булак: NazarNews.kg