www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Токио олимпиадасына катышуу укугуна 11 спортчу ээ болуп, лицензия утушту», - деди бүгүн, 16-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов.

- Парламенттин кечээги отурумунда Токиодогу олимпиада боюнча маселе козгодуңуз. Проблемалар сиз айткандай ошончолук эле көпбү?

- Ооба, сиз айткандай, спортчуларыбыздын көйгөйүн көтөрүп, бардык бийлик өкүлдөрүн колдоого чакырдым. Маселе абдан көп. Бюджеттен олимпиадага 105 млн каралса, бүгүнкү күндө анын 16. 663.770 сому гана келип түшкөн. Калган суммасынан кабар жок. Курама командабыздын жалпы абалы, машыктыруучулардын эмгек акысы, спортчулардын стипендиясы анын ичинде медиктердин абалы начар. Мамлекеттик спорт агенттиги санаториялардан жана авиакомпаниялардан 45 млн сом карыз. Буга көңүл бурган эч ким жок.

- Бул боюнча өкмөт башчынын кабары барбы?

- Финансы жана экономика министрлигине бир нече жолу кат менен кайрылдым. Улукбек Мариповго кирип, спорт тармагындагы проблемаларды талкууладык. Каражатты кечиктирсе болбойт. Анткени, олимпиада оюндарына 4 эле ай калды.

- Коңшулар бул жаатта кандай деп ойлойсуз? Алардын деле маселелери бардыр?

- Кошуналардын даярдыгы аябай жакшы. Сизге байге фондун эле айтайын: Олимпиадада жеңишке жетишкен спортчулар Казакстанда 250.000 $, Өзбекстанда 300.000 $, Азербайджанда 450.000 $ берилет. Бул көрсөткүч бизде 80.000 $ тегерегинде.

- Ошентсе да, ийгилик жараткан спортчулар бар да...

- Албетте, шарттар кандай болсо да, биздин спортчулардын намысы бийик. Токио олимпиадасына катышуу укугуна 11 спортчу ээ болуп, лицензия утушту. Карызга барып болсо да, өткөндө Алмата шаарынан 6 лицензия утуп келишкен. Спортчулардын ден-соолугун көзөмөлдөгөн жалгыз дарыгерибиз бар. Ушул сыяктуу толгон токой проблемалар болсо да, алдыга жылуу аракетибиз мактанаарлык. Улуттук олимпиада комитетибиз болсо, спортчулардын формаларын даярдоодо. Андан башка да даярдыктарды көрүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости