www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев төрагалык кызматка Нурлан Шакиевдин талапкерлиги каралып жаткан учурда анын мурдагы президент Курманбек Бакиевге көз карашы тууралуу суроо узатты.

"Бакиевдер боюнча сиздин көз карашыңыз кандай? 2019-жылы NewTV телеканалы Бакиевдин 70 жылдык мааракесин куттуктап, жакшы сөздөрдү айткан. Таарыныч болбосун, бирок мен сизден ушуну сурайын деп жаткам" , — деди Бекешев.

Нурлан Шакиев мурдагы президенттерге, анын ичинде Бакиевге карата коомчулук кандай пикирде болсо, анын пикири да ошондой экенин билдирди.

"Мен жеке адам катары, жаран катары айта турган болсом, мурда иштеп кеткен бардык президенттерге, анын ичинде Бакиевдерге карата көз карашым коомдон кескин айырмаланбайт. Коомдогу көз караш кандай болсо, меники да ошондой" , — деди Шакиев.

Бул жооп түшүнүксүз болуп калганын айткан Бекешев "Сиз эл мененсизби" деп кайра сурады. Шакиев "албетте" деп жооп берди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттар тобу, "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Альянс" фракциялары парламенттин төрагалыгына талапкерлигин көрсөткөн Шакиев 80 депутаттын "макул" деген добушуна ээ болуп, төрага болуп шайланды. Добуш берүү жабык өттү. Шайлоого жалпысынан 87 депутат катышып, үч шайлоо кагазы жараксыз болуп чыкты.

Буга чейинки төрага Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын бүгүн, 5-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости