www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамал энергиясы боюнча долбоор талкууланды

Күн мурун, 17-февралда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын “Taechang N.E.T Co LTD” компаниясынын президенти Джи Ин Хо менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө энергетика жаатында кызматташуу жана Кыргызстанда калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүгө инвестицияларды, гранттык жана техникалык жардам тартуу маселелери талкууланды, атап айтканда, кичи ГЭСтер жана шамал энергиясы боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери сүйлөшүлдү.

Элчи Кемелова жакынкы келечекте Кыргызстанда гидро жана шамал генераторлорун өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүнү, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну сунуш кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости