www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамендин философиялык ой-жоруулары тууралуу айта кетели. Эгер ал кишинин айткандарын жаза турган болсоөзүнчөбир китепче жаралмак. Анын айткандары иликтенип өзүнчө китепке даярдалып жатат.

Тагдыр бирөөнө баш берсе, бирөөнө байлык, бирөөнө бийлик, дагы бирине талант, өнөр, терең акыл берет. Ал эми өзүнө жаккан Шамен сыяктууларга көп касиетти мол берип койот  экен. Кудайдын кубаты менен Шамен көптөгөн, эң сонун сапаттарга – акылга, жан эриткен ширин сөздөргө эгедер экен, чечендик өнөрдү, жаркын, жайдары мүнөздү, токтоолукту, чайпалбас көтөрүмдүүлүктү, бардык адамдарга бирдей назик мамиледеги адамгерчиликти, сый-ызаатты, кара кылды как жарган калыстыкты, жакшылык  менен жамандыкты  алдын ала туя билген олуялыкты, кара өзгөйлөрдү сыздата билген сынчылыкты, жылдызы жарык ачык маанайды, бей-бечараларга кайрымдуулукту Шаменге мол бериптир.

Шамен асыл- ойдон келип чыккан насыят-нуска сөздөрдү көп айтып, анын айткандары элдин сөзүнө айланып, кыргыз макал-лакаптарын байытып турган. Чоң жыйын, топтордо, эл чогулган аш-тойлордо, сыйлуулар отурган үлпөттөрдө таасын- таамай айтылган сөздөрү дүбан жарып элди аралап кете турган. Анын жүйөөлүү сөздөрүнүн көбү элдик болуп кетсе, көбү ооздон-оозго өтүп ушул күнгө чейин жашап келатат. Шамен эч качан элден оозунуп бейчеки сөз сүйлөбөгөн, сүйлөөр алдында маектешип жаткан адамына көз токтотуп карап,  анын оюнда эмнелер бар экенин алдын ала билип, айтар сөзүн дили менен калчап, салмактап, ары таамай, ары түшүнүктүү, ары уккан кулактын кумарын кандырып, ширин саймедиреп берчү экен. Сабырдуулук салтын бекем тутуп, дайыма өтүнүч болгон соң гана сүйлөгөн.

Ормон табарсыкка найза жеп, ичине кан толуп, өтө кыйналып, кызына керээзин айтып, бирде эс –учун жоготуп жөөлүп, жатканда анын мал болбосун билген эл боору ачып, тез эле анын көз жумуусун тилеп калышат. Бирок, Ормон ажал менен көпкө кармашат. Ошондо бугунун акылмандары, “Ормон бир болсо, күн батканда, андан болбосо, жылдыз толгон убакта жан берет. Эгер андан өтсө чоочутуш керек, катуу айкырык менен “Баатыр, элди жоо каптап келди, турбайсыңбы!” дегиле, чыныгы баатыр болсо, ордунан тура калып жан берет. Төрөй албай жаткан аялды чоочутуп, элдин бары көчүп кетти, журтта жалгыз калдың, төрөбөйсүңбү деп чоочутса, төрөп коюшу ыктымал”, - дешет.

Түн ортосу кезде Ормонду чоочутушат. Ошондо Ормон көйнөк, дамбалчан найза сайылганын унутуп, төшөк үстүнө тура калып, шайы жок күп этип төшөккө кайра кулаганда жан берген экен. Кийин муну уккан Шамен: “Жакшы жүрмөк бар, Жакшы өлмөк жок” –деген экен.

Кененсары хан казактарды баштап келип, башы кесилгенде, “Жакшы кан элин өргө сүйрөйт, жаман кан элин көргө сүйрөйт” - дептир.

Сеп менен келген Жылкыайдардын баласы Тилекмат эл оозуна алынып калганда, “Жабыгып жүргөн жигитти башкасың деп кордобо, Ташыркаган күлүктү баса албайт деп болжобо” , - дептир.

Төрөгелди баатырдын агасы Нарбото баатырды казакка жылкы тийгенге узатып жатып, “Жаздыкта өлгөн жаман ат, жоодон өлгөн салтанат”, - дептир.

Ормон уулу Үмөталы өз аялдарын боз үйгө киргизип, кимдин ниети бузук болсо, ошого тийсин деп мылтык менен атып, жакшы көргөн токолу жан берет. Ошондо Шамен: “Жамандан жакшы туулат, адам айтса ынангыз, Жакшыдан жаман туулат айтып оозго алгысыз”, - дептир.

Оюн –зоокко көп кызыга бербеген Шамен, бир ирет Тобо деген кичинекей балбан, Отор деген даңазалуу балбанды көтөрүп чапканда, “Тоодой болгон Оторду, томуктай Тобо которду”, - деген.

Шамендин ташка тамга басылгандай сөздөрүнүн көбүн замана агызып кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости