www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз, 2010-жылы 1,5 жыл «самозванка» Отунбаевага өлкө башкартып, аныбыз аз келгенсип, тогуз жылдан бери экс макамын берип, багып жинди болуп жүрүптүрбүз. Бул тууралуу жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Атамбаевди ар нерсе дейбиз, бирок ал «грамотный» адам эле. Болгону сабатын, жөндөмдүүлүгүн, күчүн жалаң арам иштерге жумшачу. Ыплас аракеттерин ишке ашырууга аябай машыккан адам эле.

Эгер «мощенник» болгондо, дүйнөлүк денгээлдеги «мощенник» болмок. Бекеринен президент башы менен: Саймаити, Пархати, Абдыкадыр деген аферистер менен дос болуп, кучакташып сүрөттөргө түшкөн эмес да.

Менин айтайын дегеним, Атамбаев Отунбаеваны жөн жерден «САМОЗВАНКА» дебеген экен. Мына, төмөндөгү видеодогу легендардуу парламенттин депутаты, мыйзамды суу кылып жутуп жиберген мурдагы саясатчы Медеткан Шеримкуловдун сүйлөгөн сөзү буга ачык далил боло алат.

Демек биз, 2010-жылы 1,5 жыл «самозванкага» башкартып, аныбыз аз келгенсип, тогуз жылдан бери экс макамын берип, багып жинди болуп жүрүптүрбүз.

2010-жылы конституцияны тебелеп-тепсешкен, мыйзамды уруп ойнобогон Атамбаев, Отунбаева, Текебаев жана башка бузукулар, бүгүн «мыйзам бузулду» деп жабыла Садыр Жапаровду талап жатышат. Бетиңер курусун ант урган бузукулар!», - дейт ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости