www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманбек Бакиев президент болуп турган убагында Акаевден белекке калган Кыргызстанды жалпы мамлекеттин сырткы карызы 2,5 миллиард АКШ долларга жеткен. Курманбек Бакиевдин башкаруусу аяктаган 2010-жылдын 1-январына карата мамлекеттик карыз 2 миллиард долларга жакын ылдый түшкөн, тактап айтканда, 500 миллион АКШ долларына азайган. Калган толук маалыматты Курманбек Бакиевдин маегине назар салалы.

--Экономикалык саясаттын бир артыкчылык берүүчү багыты катары мен эң эле жөнөкөй принципти - өз каражатыңа жараша жашоо керек дегенди кабыл алдьш. Бул принцип мамлекеттик каражаттарды үнөмдөп, башкаруу аппаратын ырааттуу түрдө кыскартып, башкаруунун сапатын жакшыртуу стратегиясына алып келди, бирин бири кайталагандарды жоюп, жергилик-түу бийлик органдарьшын ролун күчөтүп, республикалык органдардын ишин оптимизациялоо керек болду.

Арийне, өз каражатыңа жараша жашоо деген бир гана үнөмдөөнү билдирбестен, республиканын сырткы карыз-дардан болгон көз карандысыздыгын мумкун болушунча азайтып, аларды оптимизациялоону дагы билдирет.

Туура, мен бийликке келгенде өлкөнү өзүмдөн мурда башкарган Акаевден Кыргызстанды жалпы мамлекеттик карызы 2,5 миллиард АКШ долларына жакын жеткен абалда кабыл алган элем. Бирок, менин башкаруум аяктаган 2010-жылдын 1-январына карата мамлекеттик карыз 2 миллиард долларга жакын ылдый түшкөн, башкача айтканда, 500 миллион АКШ долларына азайган. Сырткы карыздын азайышы мамлекеттин алтын валюталык резервинин тез өсушү менен байланыштуу болду. Акаев Бакиевге улуттук банкта бар болгону 500 миллион АКШ долларына жакын резервди «калтырса", Бакиев Атамбаевге улуттук банктагы резервдерди 2 миллард АКШ долларына жакын акча менен «өткөрүп берген".

Демек, Кыргызстандын алтын валюталык резервдери менин бийлигим тушунда үч эседен ашуун көбөйгөн. Мурда сырткы карызды алуу бюджетти каржылоонун жана ири инфраструктуралык долбоорлорду аткаруунун бирден бир гана жолу болуп келген. Азыр болсо экономисттер дал менин бийлигим тушунда бюджет эң эле тең салмактуу болгон деп эсептеп жатышат. Бюджет тартыштыгы, карыздык милдеттерди аткара албаЙ калуу, пенсия жана жөлөк пулдарды төлөй албай калуу деген коркунучтуу көрүнүштөр болгон эмес. Тескерисинче, айлык акылар өз учурунда төлөнүп, пенсиялар ез учурунда берилип, бардык экономикалык көрсөткүчтөрдун ырааттуу өсүшу белгилене баштаган.

Акаевдин сиңирген эмгеги катары, албетте, улуттук валютаны киргизүү а өлкөнүн Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна киришин айтууга болот. Алдыга жылуулар постсоветтик мейкиндикте биринчилерден болуп асалгандыктан, ушунун өзү Кыргызстанга айрым артыкчылыктарды алып келди. Бирок, елкөнүн өнүгүүсүндөгү тандалып алынган туура эмес багыт, өнөр жай жана агросекторду реформалоо жөнүндөгу жаңылыш жасалган кадамдар, менчиктештирүүнү жасоо ыкмалары, айрыкча айыл чарбасында, өлкө экономикасынын бардык негизги бөлүктөрүн кыйратууга алып келди.

Улуттук валюта ушунчалык кара мүртөз мүнөздегү инфляцияга түшкөнү, бул болсо Кыргызстандык карапайым жарандардын жашоосундагы өтө катуу оорчулуктарга алып келгени таң калычтуу деле эмес. Себеби, сом киргизилип жатканда 1993-жылдын май айында сомдун расмий курсу 0,25 АКШ долларга барабар болчу. Арийне, ошол жылдын аягында эле сомдун наркы 50 пайызга түшүп кетти. Улуттук валютанын курсунун төмөндөшү тынымсыз жүрүп олтуруп, 1997-жылы бир доллар 15 сомго чейин өстү, ал эми Акаевдин бийлигинин соңку учурунда, 2005-жылы кыргыз сому бир долларга 45 сом болгон деңгээлге чейин түштү. Бир гана айлык акыга карап жашап жатышкан өлкө жарандарынын маанайы кандай болуп калгандыгын элестетүү деле кыйын эмес. Эртең менен кассадан алган акча кечке чейин эле реалдуу күчүн жоготуп, айлык маянага үй-бүлөнү бир жумага гана эң зарыл нерселер менен камсыз кылуу мүмкүн болуп калган.

Мен бийликке келгенде улуттук валютанын курсу бир долларга 45 сом болуп калган, а мен бул кызматтан кеткен кезде доллар 5 жыл ичинде бар болгону үч сомго өсүп, бир доллар 48 сомго бааланган. Ушунун өзү эле биздин инфляцияны ооздуктап, улуттук валютанын түшүп кетпешин рекорддук деңгээлде кармай алганыбызды көрсөтүп турат. Эгерде бюджетке болгон кирешелерди эсептеп көрүп, же ички дүң продукцияны эсептей турган болсок, реалдуу курстук эсептөө боюнча алганда, мурунку беш жылдыктагы жетишкендиктерди кийинки беш жылдагы экономикалык жыйынтыктар менен салыштырып көрө турган болсок, анда Атамбаевдин экономикадагы «абдан чоң жетишкендиктерине» өтө калыс баа берилет: эч кандай өсүш жок, бир гана кыйроо жана станция гана бар. Дегеле, бул сомдун курсунан деле көрүнүп турбайбы. Соңку беш жылда эле улуттук валюта бир долларга 48 сомдон 62 сомго чейин түшуп кетти. Мындан ары ушундан да жаман боло берет. Тез аранын ичинде чараларды көрүп, өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү керек.

Кыргызстандын карыздарынан кутулууга мүмкүнчүлүктөр бар, эгерде терең ойлонулган, жаратмандык принциптерге негизделген экономикалык саясат жүргүзүлө турган болсо, ал карыздар кайтарылып берилет. Биз ишене албай турган ийгиликке жетише алганыбызды өзгөчө белгилеп койгум келет. Менин бийлигим тушундагы беш жыл иштеген учурда бюджет кирешелери кескин өсүп, ошол эле учурда салык да кескин түрдө кыскарган, ойлонулбаган сырткы карыздардан баш тартып, Эл аралык валюталык фонд жана Бүткүл Дүйнөлүк банктын таңууланган талаптарынан баш тартуу менен бирге, ири долбоорлордун негиздерин түзүп, иштеп чыга алдык.

Биз анклавдарды айланып өтүп, Исфанага автомобилдик байланыш жолун кура алдык. Бул тууралуу биз Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Баткен областында өткөн эки жолку жолугушууда макулдашууга жетиштик. Тажикстан менен кышкы жана жайкы мезгилдерде электр энергиясын алмаштыруу боюнча суроолор дагы ошондой эле ийгиликтүү чечилген, ал эми Лейлек районунун тургундары энергетикалык туюктан чыгышкан. Ошондо эле анклавдарды айланып өтүүчү көпүрөлөрдү жана жолдорду куруу башталып, ошол эле учурда эки республиканын тең чектешкен аймактарында суу менен камсыз кылууну жакшырта алдык. Тажик өнөктөштөрүбүз менен айыл чарба жайыттарын чогуу пайдалануу аркылуу биз өзүбүздүн Алай району аркылуу Тоолуу Бадахшанга жүк ташууну мыйзамдаштырып, кыйла жөнөкөйлөштүрө алдык. Биздин байыртан берки жакын коншубуз Тажикстан менен болгон өз ара мамилелерди жакшыртуудагы стратегиялык маселелерди чечүүдө жасалган нерселердин баарын эсептей да албайсың.

Азыркы кезде чектешкен аймактардын жаңылыктарын окуу коркунучтуу жана жүрөк оорутат. Ал жаңылыктар согуш талаасынан келип жаткан маалыматтарды эске салып: тиерде өлтүрүп кетишти, бул жерде чабуул коюшту, ал жакта атып кетишти, ал жерде чек араны талашып жатышат, тигинде макулдаша албай жатышат деген сыяктуу жаңылыктарга толгон. Деги кайда баратабыз? Биздин коншулар менен болгон өз ара мамилелерибизде жетишилген тынчтыкты кантип ушундай жоопкерчиликсиз бузууга болсун?

Мен 2005-жылы бийликке келген алгачкы жумалардан баштап эле, ЛЭП-110 «Айгульташ-Самат» курулушун баштоо пландалган болчу, «Датка» көмөкчү станциясын куруу боюнча даярдык көрүү, «Датка-Кемин» электр өткөргүч линиясын, «Кемин» көмөкчү станциясын куруу иштери башталган. Менин тапшырмам боюнча, жалпы суммасы 350 млн. АКШ доллары болгон долбоордук иштерге кол коюлган, ал боюнча кредитти кытайлык Эксим Банк бере турган болгон. Азыркы бийликтин жалгыз гана жетишкендиги - анын дал ошол келишимге кайрадан кол коюшу болуп калды, андагьт сумма 390 млн. АКШ долларына көбөйтүлдү. Башкача айтканда, долбоор эл үчүн 40 млн. долларга кымбат түшүп калды. Мындан сыртка-ры, мен Бишкек Жылуулук берүучү Электр борборун реконструкциялоо боюнча долбоорду, Тамчыдагы аэропортту реконструкциялоону, Кызыл-Кыядагы цемент заводун (бул долбоор 2007-жылдын августунда колдоого алынган) баштаган элем. «Ош-Бишкек» магистралдык трассасынын экин-чи жана үчүнчү фазаларын реконструкциялоо болгон. «Джунда» (2009-жыл) нефти иштетип чыгаруучу заводунун курулушу башталган, «Кумтөр» боюнча маселелерди реструктуризациялоо жана чечүү башталып, башкача шарттардагы жаңы келишимге кол коюу маселелери чечилген, АКШ менен «Манас» авиациялык базасы боюнча өз ара мамилелер оптималдаштырылды. Бул аталган нерселерге дагы бир топ өлкө үчүн жетишерлик маанилүү болгон долбоорлорду кошууга болот, - деди КР мурдагы президенти Курманбек Бакиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости