www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев менен Сапар Исаковдун Кытай менен болгон келишими бул өз элине атайын кылынган чыккынчылык. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов бүгүн, 30-январда өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Биз эмне үчүн жаагыбыз сынып, баарына жаман көрүнүп: Атамбаевди, Сапар Исаковду баардык кылмыштары үчүн жоопко тартып, конститутцияда жазылган статьялар боюнча тиешелүү жазаларын толук алсын деп какшап келебиз? Себеби алар өлкө башында турушуп, мамлекет башкарып жатышып, өз элине душман кылбай турган кыянаттыктарды кылышкан.

ТЭЦ, альтернативдик жол, Датка Кемин подстанцияларын куруу планы Бакиевге тиешелүү болгон. Бул иштерди Бакиев өлкөнү энергетически независмый кыламын деген чоң максатты алдына коюп баштаган болчу. Атамбаевдин башынан мындай акылдуу идея, келечекти көздөгөн жакшы ойлор эч качан чыкмак эмес. Атамбаевдин таланты: бузуп кел, бүлүндүрүп бер, митинг, төнкөрүш сыяктуу бузукулук иштерге абдан ыңгайлашкан.

Эгер жашырбай ар бир буюмду аты менен атай турган болсок, Атамбаев менен Сапар Исаковдун Кытай менен болгон келишими бул өз элине атайын кылынган чыккынчылык. Мен: «атайын» деген сөздү баса айтып белгилеп жатам, себеби: келишим боюнча ар кандай сот иштери жүрө турган болсо, «только» Кытайда өтө турган кылып келишим түзүшкөн. Эгер биз тарап нараазы болуп сотко берсек, сот бизде эмес, международный арбитражный соттордо эмес, бир гана Кытайда болот. Бул деген эмнеден кабар берет: Атамбаев менен Сапар уурдагандары билинбей калсын дешип, ушул акмакчылыкка макул болушкан. Кытайда өткөн сот эч качан биздин кызыкчылыкты колдобойт.

Андан тышкары эгер карызды өз убагында төлөй албай калсак, анда: ТЭЦ, альтернативдик жол, Датка Кеминди башкаруу, иштетүү бүт кытайлыктын колуна өтөт. Бул деген родинаны саткан менен барабар нерсе түшүнгөн адамга.

Акаевдин Үзөнгү Куушту сатып жибергени, Атамбаевдердин бул чыккынчылыгынын жанында бир тыйынга арзыбай калат. Ошон үчүн Атамбаевге эч качан жеңилдик болбош керек. «Жаш эле, алданып калды» дешип жугундукорлор чаң жугузбай жалап-жуктап аппак көрсөтөбүз деген Сапар мышыкты, жердин түбүнөн болсо да таап келип түрмөгө тыгыш керек. Жаш болбой жайрап калсын ошол качкын акмак.

Ал эми азыркы бийликтин алдына койгон эң биринчи максаты Кытайдан карызды мүмкүн болушунча тез арада кутулуу. Кыргызстаныбыздын эртеңин, балдарыбыздын келечегин ойлосок, ачка калсак да, өзөрүп өлүп баратып чөп жеп калсак да Кытайдан карызды кайтарышыбыз керек. Ал эми Атамбаев менен Сапар өмүрүнүн аягына чейин түрмөдө чирип кетсин, мага десе. Аттиң биздин өлкөдө өлүм жазасы жок, дал ушул экөө үчүн куп жарашып жатып калмак», деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости