www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таштандынын арасынан ымыркайды ит куткарып калды

Кээде жаныбарлар адамдарга караганда акылдуу иш жасап, таңкалтырган учурлар кездешпей койбойт. Филиппинде ит таштанды арасынан ымыркайды куткарып калган. Бул тууралуу Bored Panda сайты жазып чыккан. 

Strends for Stays жаныбарларды куткаруу кызматы фейсбуктагы баракчасына жүрөктү ооруткан окуя менен бөлүштү. Фонддун маалыматы боюнча, Джунрелл Фуэнтес Ревилья аттуу адам Филиппиндин Себу аралындагы тоолуу аймакты аралап мотоцикл менен бара жаткан. Бир маалда жолдо ит пайда болуп, жардам сурагандай тынымсыз үрө баштаган.

Бир нерсе болгонун сезген жигит жаныбардын артынан жөнөгөн. Ит аны таштанды чыгаруучу жайга алып барган. Жаш жигит көргөн нерсесине шок болуп калган. Ал жаңы төрөлгөн бала таштандылардын арасында жатканына күбө болгон. Ымыркай кичинекей сүлгүгө оролгон бойдон жаткан. Ымыркайдын ден соолугу жакшы болгон, бирок ыйлай берип аябай чарчап, ачка болуп калган.

Наристе жакынкы полиция бөлүмүнө жеткирилип, баласын таштап кеткен “күкүк эне” изделип жатат.

Иттин баатырдыгы үчүн ыктыярчылар белектерин алып алышып, жаныбарды издешти.

"Биз баатыр итти сыйлоону чечтик жана аны наристе табылган жерден издөөгө бардык. Ит талаа жаныбары, үйү жок деп ойлодук. Бирок, анын камкор ээси бар экен.  Биз аны менен ойноп, ага көптөгөн сый тамактарды таштап койдук", - деди Гайа Ибарита жаныбарларды куткаруу боюнча кызматкери.

Көпчүлүк соцтармак колдонуучулары “баатыр иттин” каармандыгына алкыш айтып, адамзааты иттен жаман нерселерди кылып жатканына нааразы пикирлерин калтырышты.

"Мен иттин алдында адамдар үчүн уялып жатам", "Иттер биздин ишенимдүү досторубуз", "Ит адамдан жакшы иш жасап бир өмүрдү сактап калды", "Ымыркайга ден-соолук. Келечекте ал жаныбарларга жардам берген инсан болот", - деп жазышты комментаторлор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости