www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун азыркы тарапташтарын экиге бөлсө болот:

1. Биринчи бөлүккө Садыр Жапаровду мурунтан эле, ал киши бийликке келе электе, түрмөдө жатканда эле чын жүрөктөн аны колдоп келгендер кирет. Булар Жапаровдун накта тарапташтары. буларды мен сыйлайм, пикирибиз дал келбесе деле. Булар эч качан аша чаппайт, атандаштарын оозго алгыз сөздөр менен каргап шилебейт. Булар идеясы, позициясы жана принциптери бар адамдар деп аталат.

2. Ал эми экинчи бөлүккө принциптери жок, күн карама, кимдин колунда бийлик болсо ошону колдогондор, тарбиясыз жана сабатсыз адамдар кирет. Садыр Жапаров биздин пайгамбарыбыз, аны мен сүйөм, мен ал үчүн өлүп берем дегендер эң каттуу кыйкыргандар ушулар.

Бирок, булар Садыр Жапаров бийликке гана келгенде анын тарапташы болуп чыга калгандар, а мурун булардын жыты дагы жок болчу. Булар мурунку бийликтин көчүгүн жалап эле жүргөндөр. Булар, күн карамалар жана эгерде Жапаровдон оомат кетсе, "сразу" эле сатып кетишет аны. Садыр Жапаровдун эң биринчи душмандары ушулар. "Именно" ушулар Садыр Жапаровдун аброюн түшүрүп жатышат, "именно" ушулар! Facebookтан байкап эле билсе болот ким ким экенин.

Мисалы, ошол эле Ысык-Көлдү алалы. Мен өзүм күбөмүн. Биринчи бөлүктөгүлөр былтыр Жогорку Кеңешке шайлоодо бутун жерге тийгизбей бекер иштеп беришкен "Мекенчил" партиясына, "от души" иштешкен, Садыр үчүн иштешкен. А ошол эле шайлоодо тетиги экинчи бөлүктөгүлөр "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" үчүн тытып жүрүшкөн, акча жасап, анда алар Садыр Жапаровду эстеп дагы коюшкан жок. Көлдүктөр азыр окуп жатса ушул постту калп айттырбайт мени. Чындыкты айтып жатамбы, көлдүк туугандар?! Айткылачы! Андыктан, Садыр Жапаровдун накта тарапташтары тазалангыла бул экинчи бөлүктөгү адамдардан.

Шамурза Бөрүкулов, активист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости