www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райымбек Матраимов Атамбаевдин кесепетинен жаманатты болуп олтурат. Райымбек ошол Бажыда иштебесе деле, өзүнүн байлыгы ашып-ташып жаткан. Мындай пикирин бүгүн, 12-февралда жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Али Токтакунов! Ааламда жок кекчил, ички дүйнөң ирип чирип калган начар жигит экенсиң. Эки-үч жылдан бери Матраимовдорду каралап, үстүнөн жугунду куюштан тажаган жоксуңбу? Адатта, өчөшкөн адамын жер менен жексен кылмайынча токтобогон мүнөз катындарга тиешелүү болчу эле. Эри менен ажырашып кеткен учурда, же эри көзүнө чөп салып алданган аялдардын кеги аягына чыкпай созулуп кетчү, дал сендей болуп. Андай дейин десем, эркек деген атың бар. Же болбосо, тиштеген жерин эти менен жулуп алмайынча жаагы ачылбаган шакалсыңбы (чөө карышкыр)? Райымбек Матраимов сага эмне жамандык кылды? Арпаңды кам ордубу, же атаңды өлтүрдүбү? Атаңдын куну бар болсо да керегинче алып бүттүң окшойт. Журналист катары Райымбек Матраимовдон башка кыла турган ишиң жокпу? Үч жылдан бери Райымбекке асылып жүргөнүң үчүн, сага бирөөлөр акча төлөп берип жатат да туурабы?
Таможня- бул өлкөлөр арасындагы өтө коррупциялашып кеткен схема экенин, Бажыда бир адам эмес, «групповой» адамдар аркылуу ар кандай иштер ишке ашаарын ар бир адам билет.
Ошондой эле, Бажы текшергич болуп кетсең, эмне үчүн Атамбаев менен Кулматовдун атын эч бир жерде атабайсың? Райымбекти Атамбаев ишке алып, керегинче колдонгон. Ал эми Кулматов Райымбектин үстүнөн Бажынын башчысы болбоду беле? Ушундай жол менен ала кылып иликтегениң, сенин ким экениңден кабар берет. Бирөөнүн арам «заказын» аткарган деле коррупция болуп эсептелет.
Эмне, Райымбек өлкөнүн бюджетине кол салдыбы? ТЭЦ, музей, Датка-Кемин, альтернативдик жол, ипподромдордон уурдап жедиби? Чыныгы өлкөгө күйгөн патриот журналист болсоң, миллиарддаган доллар уурдалган ошол коррупцияны текшербейсиңби? «Райымбек мойнуна алды» деп, катының эгиз туугандай дердеңдеп курсант болуп алыпсың. Райымбек ошол Бажыга аралашып аты жаман болуп калганы үчүн, бир адамдын атын айтып сатпастан, өз чөнтөгүнөн төлөп олтурат. Райымбек сага окшоп катын, бала-чакасын таштап, кара жанын куткарыш үчүн чет жакка качып кеткен жок. Райымбек сенчилеп: «Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги өлгөн» деп, туулган жерин, кыргыз элин жамандап, сатып жиберип, батышка жагынып баш паанек алган жок. Райымбек сенчилеп кылмышкер Атамбаевдин койнуна кирип, өзүнүн адамдык сапатын жоготкон жок. Райымбек коронавирус убагында эле миллиарддарды өз эли үчүн чачып салды. Эгер Райымбек болбогондо, коронавирустан өлгөндөрдүн саны эки-үч эсеге көп болмок. А сен саткын, чыныгы журналист болсоң, ошол коронавирус учурунда бир да иш кылбай, келген акчанын кайда кеткенинин дайыны жок өкмөт Абылгазиевди иликтебейсиңби? Ал үчүн сага эч ким бир тыйын төлөбөйт да, ошон үчүн анын сага кереги жок. Ал эми Райымбек менен Жээнбековду жерге киргизе каралаганың үчүн, кайсыл булактан акча келип жатканын болжол менен билип эле турабыз.
Түркиядагы Атамбаевдин консулу Сопоковдун көрсөтмөсү боюнча, сен Саймаити аферистен 100миң $ акча алган деп айтылып келет. Сынчынын сыңар, өтүгү майрык дегендей, сени ким иликтейт? Райым Матраимов 20 жылдан бери өз фондунан колунда жокторго, жетим-жесирге, оорукчан адамдарга, өз районунун ар кандай тармагына тынбай жардам берип келет. А сен үч жылдан берки кылган ишиң, боктон мончок излегендей, Райымбек Матраимовду чукуйсуң. Райымбек Матраимов Атамбаевдин кесепетинен жаманатты болуп олтурат. Райымбек ошол Таможняда иштебесе деле, өзүнүн байлыгы ашып-ташып жаткан. Бир чукуган жериңди кайра-кайра чукуп жаңылай бербей, жаңы жомогуңду башта, аябай эле тажатып жибердиң, журналист деген кесиптен айланып кеткир.
Элдин убалынан коркпойсуңбу? Кара-Суу, Мадина, Дордой базарында, андан тышкары жеке чоң көлөмдө жүк ташыган курулуш материалдар ж.б. товарлар менен шугулданган ишкерлерлин, жүк ташыган жүздөгөн фирмалардын, миңдеген айдоочулардын ырыскысына чычтың. Бардык жүк ташуучулар Казакстанга өтүп кетти. Казакстандык ишкерлер, Россиялык, Тажикстандык, Өзбекстандык ишкерлер, соодагерлер Кыргызстанга келип, акчасын таштап кетчү эле. Азыр Кыргызстандык ишкерлер Казакстанга жалдырап олтурушат. Ушулбу сенин Кыргызстанга кылган жардамың, өз элиңе көрсөткөн кереметиң? Райымбек Матраимовдун жасаган иши ата мекендик ишкерлерге жол ачып, миллардаган каражаттар салыкка түшүп турчу. Башың иштебесе буту-колуңдун шору дегенди сен жасап бердиң кыргыз элине. Сен элдин душманысың. Ата Мекендик ишкерлер Али Токтакуновду Кыргызстандан кууп чыккыла деп жарыя кылыш керек болду. Антпегенде сен бузуку дагы канча кара өзгөй иштериңди жасайсың, бул түрү суук кейпиң менен.
Кыйраткансып кайра-кайра чыгасың эл душманы, карапайым элдин ырыскысына кыйып салып. Бул нерселер сенин мээңе жетеби же жокпу? Сен кыргыз элине келген апаат ачарчылык, кургакчылык сымал эле зыянкеч болдуң, эгер билсең», - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg