www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде Зеленскийди жакшы көргөн Кадыркуловго окшогондор бар болсо, анда алар ошол жакка барышып, Украина тарапта болушуп, орустарга каршы согуша беришсин. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов Фейсбуктагы баракчасында билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Биздин өлкөнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украинанын кодогой Гитлеренушка президентине ишеним грамота бергенинен сиздин кабарыңыз барбы?

Улуу Ата мекендик согуштун азабын тарткан, согушка кетип келбей калган, ар жеринен ок жеп майып болуп келгендерди, бүгүнкү күндө арабызда калбай калган ата-аваларыбыздын арбактарын кордогондук, ал эми тирүү жүргөн алардын жакындарынын бетине түкүргөн түкүрүк, маскаралагандык болуп эсептелет.

Ошол беш жылдык кандуу согуштун азабын тартпаган үй бүлө жок болуш керек деп ойлоп жүргөм. Көрсө Идрис Кадыркулов деген адам бар турбайбы.

"СССРдин элин баскынчылар, ал эми фашистик Германия боштондук алып келген"- деген жомокторду айтышып, ошол согушка кетип, кайтпай калган аталарыбыз үчүн тургузулган эстеликтерди талкалашып гана тим койбостон, кулаган эстеликке чаптырган украиналык фашистердин башчысына грамота берген адамды, жана бул идея кимдин башынан чыкса жазага тартып бериңиз.

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сизди биз өз элинин патриоту деп билебиз.

Патриот адам, болгондо да бир бүтүн өлкөнүн президенти мындайга жол бербейт болуш керек деп үмүттөнөбүз.

Украинанын кичинекей Гитлер президенти, начар маскарапоз, дүйнөдөгү эң ыплас адам Зеленскийге ким грамота берсе, ошол адамды жоопко тартышыңызды талап кылабыз.

Эгерде Зеленскийди жакшы көргөн Кадыркуловго окшогондор бар болсо, анда алар ошол жакка барышып, Украина тарапта болушуп, орустарга каршы согуша беришсин

Эгер биздин өлкөнү да Украинадай согуш тааласына айланбасын десеңиз, согушта курман болгон аталарыбыздын арбактарын сыйласаңыз, Украинаны колдоп жаткан Кыргызстандагы бузукуларды: Азаттыкты, батыштын шүмшүктөрү, орустарды баскынчы кылып чыгарып жаткан каналдарды тыйыңыз.

Тарыхты бурмалап, булгап, өчүрүүгө эч кимдин акысы жок.

Зеленскийдин фашист экенине кийип жүргөн футболкасындагы белги далил болуп берет", - деп жазган Шамурза Бөрүкулов.

 

Последние новости