www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги №29 мектеп-гимназиянын директору Бахтияр Кадыров мекемени үй-бүлөлүк бизнесине айландырып алыптыр. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова парламентте билдирди.
Ал өзүнүн атына мугалимдерден жана ата-энелерден арыз түшкөнүн белгиледи.
"Бахтияр Кадыров 1992-жылдан бери директор болуп иштейт экен. Мектеп-гимназияны өзүнүн үй-бүлөлүк бизнесине айландырып алган. Жубайы чарбалык иштерин башкарат экен. Мектепке кириш үчүн эле 20 миң сомдон 30 миңге чейин акча алынат. Бул тууралуу ата-энелер өздөрү жазып чыгууда. Анан ар бир баладан мектеп фондуна 5 000 сомдон, класстын фондуна 1 000-1 600 сомдон жыйналат экен. Ошондо ал жерде 3 000-4 000 бала окууса жылына 15-20 миллион сом чогулуп калат. Акча каякка кеткени белгисиз, анча суммага эки-үч жылда бир мектеп салып койсо болот", — деди Мажитова.
Ошондой эле депутат бүтүрүүчүлөрдөн дагы 15-18 миңден сурап, бербегендерге басым кылышарын, ал эми аттестатын 200дөн 1 000 долларга чейин "салык" салып анан берерин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg