www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Аю" ишканасынын жетекчиси өз ыктыяры менен спирт заводун мамлекетке берди. Бул туурасында Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмаз Токтогулов парламентте билдирди.

Депутат Жанар Акаев Шаршенбек Абдыкеримов кантип "Аю" заводун берип калганын же "өзү келип белек кылдыбы" деп сурады.

Токтогулов компаниянын жетекчилиги өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатканын айтты.

Эл өкүлү буга "алып койсоңор жакшы болот эле деп өзү келдиби? Ашыкчанын кереги жок деп кайрымдуулук кылыптыр да?.." — деп таң калды.

Токтогулов сөз болуп жаткан ишкананын жетекчилиги өздөрү ошондой кайрылуу кылышканын билдирди. Аткаминер бул иш боюнча тиешелүү органдар иштеп жатканын да кошумчалады.

"Заводун 20 жылда куруп, адамдарды иш менен камсыздап жүрүп, анан өзүнүн ишканасы өзүнө жакпай калдыбы? Кандай болуп калат?" — деп түшүнгөн жок депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости