www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Транспорт жана коммуникация министрлиги илгертен эле жегичтердин коому болуп калганын, ким келбесин аталган тамактан акча жегендер токтобой жатканына таң калып жатканын билдирди.

Эл өкүлү жакында эле "Кыргыз автожол" мамлекеттик мекемеси менен Кеминдеги жол тейлөө ишканасында 300 тонна битумдун дайыны чыкпай калганын, Баткенде жол кургандар 40,8 миллион сомду кымырып алышканын эске салды.

Мындан улам: "Ушуларды токтотсо болбойбу, ыя? Бул жагынан камап деле жатат, ары жагынан жеп деле жатат. Илгерки стереотиптен чыга албай жатышабы, түшүнбөй да калдым. Кандай министр, жетекчи келбесин, баары эле жеп жатат го. Биз бул жакта битум жок деп былтыртан бери асфальт төшөтө албай жатабыз, булар жегенин койбойт. Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүндө көпүрөнүн бүтпөгөнүнө алты жыл болду. Министр бир жылдан бери "азыр баштайбыз" деп эле жүрөт", — деп белгиледи. 

Ошондой эле, Транспорт министрлиги кызмат көрсөткөн компаниялардын акчасын бербей, "вексель менен (баалуу кагаз) беребиз" деп жатышканына токтолуп: "Бул эмне деген жорук? Мамлекеттик орган делген министрлик мыйзамдуу аферист болуп калганбы", — деп суроо салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости