www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-августта, Өзбекстан менен Орусиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, Шанхай кызматташтык уюмунун алдыда боло турган саммитин талкуулашты. Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары орус-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоону улантышты. 

Мындан тышкары, тараптар сентябрда Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктарды талкуулашты.

ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан катышууда.

Байкоочу өлкөлөр - Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр - Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка. 2021-жылдын сентябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн ШКУ саммитинде Иранды уюмга кабыл алуу жана Египет, Катар жана Сауд Арабияга диалог боюнча өнөктөш статусун берүү процедурасы башталган.

Эске салсак, быйыл Беларусь ШКУга толук кандуу мүчө катары кирүүгө расмий арыз берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости