www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27- январда мамлекеттик иш сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүү пландалууда. Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле, достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. Сапардын алдында эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт», - дейт Муратбек Азымбакиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости