www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Муфтиятта ажылыка байланыштуу чоң мафия бар. Бул тууралуу журналист, социалдык тармактын колдонуучусу Медер Шерметалиев жазып чыкты.
Анын айтымында ажылыкка байланыштуу ишти бир гана муфтий эмес, сырттан башкалар көзөмөлгө алып турат.
“Муфтиятта ажылыка байланыштуу чоң мафия бар. Ал бизнести муфтий эмес, сырттан башкалар көзөмөлгө алып, бирок баардык ишти муфтийдин колу менен жаап бүтүрүп, миллиондорду шылыган схема иштейт. Ошондуктан муфтият жалгыз диний ордо эмес, артынан коррупция, саясаты да ээрчиген талаш жер. Эгер жеке Максат ажы Токтомушев мыйзамды бузган болсо жазасын алсын, каршы эмесмин. Бирок майлуу-сүттүү саясий интриганын чордону экенин да эске алгыла. Раматылык Чубак ажы да муфтий боло койом деп, бир жылдары ага да иш ачылып далай суралып жүрдү", – деп билдирди ал.
Булак: NazarNews.kg