www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка дайындалды

Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Улукбек Марипов тийиштүү жарлыкка бүгүн, 11-февралда кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп келип, 2019-жылдын соңунда мандатын тапшырган.

Алмамбет Шыкмаматов 1969-жылы 21-октябрда Фрунзе шаарында туулган. Ал 1995-жылы Бишкек гуманитардык университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, юридикалык билимге ээ болгон. 2013-жылы Орусиянын президентинин алдындагы эл чарбачылыгы жана мамлекеттик кызмат боюнча академиясын "мамлекеттик кызмат жана кадр саясаты" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1999-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу кызматынан баштаган.

2002-жылы өкмөттүн алдындагы Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу боюнча бөлүмүнө башкы адис болуп иштеген.

2003-2004-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иштеген.

2004-жылы Жогорку Соттун аппаратынын жарандык иштер боюнча бөлүмүнө улук консультант кызматына которулган.

2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин спикеринин жардамчысы болуп иштеген.

2010-жылы өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына дайындалган.

2011-жылдын мартынан 2011-жылдын декабрына чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин юстиция министри кызматын ээлеген.

2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2017-2019-жылдары "Ата Мекен" фракциясынын лидери болгон.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости