www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Камчыбек Кыдыршаевич Кыргызстанда болгондо Максат ажы Токтомушевге мындай мамиле жасалбайт болчу”. Бул тууралуу  Камчыбек Ташиевдин тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда болгондо Максат ажы Токтомушевге мындай мамиле болмок эмес.

“Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевдин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилиши боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатат. Менимче, Камчыбек Кыдыршаевич Кыргызстанда болгондо Максат ажы Токтомушевге мындай мамиле жасалбайт болчу. Үй камагында деле сурагын берип, тергөө жүрө бермек. Демек, бул маселеге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алыста экенине, ден соолугунун шартына карабастан, албеттте коомдук пикирди эске алып, кырдаалга жараша, мыйзамдуу жана адилеттүү кадамга барат деп ойлойм. Буюрса, баары жакшы болот. Сабырдуу болуп туралы”, - деп билдирди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости