www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай менен АКШнын кагылышуусу бүткүл дүйнөгө катастрофа алып келет. Бул тууралуу Кытай лидери Си Цзиньпин АКШнын призиденти Джо Байден менен алгачкы жолу телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтканын РИА Новости жазды.

"Кытай менен АКШнын кызматташуудан башка аргасы жок. Эки өлкөнүн араздашуусу бүткүл дүйнөгө катастрофа алып келет. Андыктан Пекин менен Вашингтон Азия-Тынч океан регионунда тынчтык менен туруктуулукту биргеликте сакташы керек", — деди Си Цзиньпин.

Ал эми Байден Пекиндин аракеттерине тынчсызданып, АКШнын кызыкчылыктарын коргой турганын билдирди.

"Президент Байден Пекиндин экономикалык жактан мажбурлоо саясатына башынан эле тынчсыздаанарын айтты. Ошондой эле Гонконгдогу куугунтук, Синьцзяндеги адам укуктарынын бузулушу жана Тайвань маселеси ойлондурары кошумчаланды", — деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга Кытай башчысы Тайвань, Гонконг жана Синьцзян маселеси Кытайдын ички иши экенин жана АКШ анын кызыкчылыктарын сыйлашы керектигин айтып, жооп кайтарды.

Кытай тараптын билдирүүсүнө караганда, эки лидер тең бул сүйлөшүү бүткүл дүйнөгө позитивдүү белги берди деп эсептөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости