www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым кыраакы оперлер Кашкар Жунушалиевдин Бишкекте эле баш калкалап, беткап, очки тагынуу менен тымпыйып жүргөнүн айтышууда. Ага карата издөө жарыяланбаганы эмнени билдирет? Садыр Жапаров ноябрь айында Баткен облусуна барганда 5-6-октябрдагы башаламандыкка жол бергендер териштирилээри, Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев издөөгө алынганын билдирип, мыйзам чегинде жазаланаарын айткан.

Бирок, күч органдары жоопкерчиликтен качып жатышабы, айтор, эч кандай натыйжалуу ишти аркалабай жатышат. Октябрь төңкөрүшүндө миңге жакын жарандарыбыз, беш жүздөй милиция кызматкерлери оор, орто жаракаттарды алышкан. Жунушалиев менен Опумбаев өздүк курамды таштаган боюнча качып кетишкен да. Үмүтбектин өлүмү кимдин мойнунда? Ондогон балдар ар кандай органдарынан айрылышты. Күч колдонууга буйрук бергендер жазасыз калышса, эл эмне дейт?!

Айтмакчы, айрым маалыматтар боюнча, Кашкар Жунушалиев кызы менен жашыруун байланышып жүргөнүн угуп жатабыз. Кармап келип, суракка алуу оңой эле иш го. Же колу, көзүнөн айрылган балдар сүйрөп келишсинби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости