www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Шүкүрбек мырза, эмне үчүн президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ортосуна жик салууга аракет күч болуп жатат? Эмнеге аларды бири-бирине каршы тукургусу келгендер көбөйдү?

- Саясий процесстерде түрдүү түркүн рычагдар, айла-амалдар колдонулаары баарына белгилүү. Бул да болсо саясаттын табияты. Кабылдасак да, кабылдабасак да анын саясий чөйрөдө жашоосу факт. Ошол көптөгөн айла- амалдардын бирөөсү учурдун саясий истеблишментинде башка ролду ойногон каармандарга колдонулбай калат деп ойлонуу катачылык жана саясий сабатсыздык. Бийлик бутактары жөн жайдан өз алдынча эч качан иштеген эмес. Аталган бутактардын функцияларын дайыма саясий фигуралар иш жүзүнө ашырат.

Ал эми саясий фигуралар саясий айдыңда өзүнүн чечимдерине жараша ар кандай күчкө жана салмака ээ болушат. Жогоруда аты аталган үч саясий фигура кыргыз саясатында кечээ же бүгүн пайда болуп, коомдун көйгөйүн колуна ала калган жок. Үчөөсү тең бул системаны түшүнгөн каармандар. Кыргыз саясатынын канча тузун татып, эчендеген суусун ичишпеди. Өзүнө жараша тоскоолдуктарга карабай, бүгүн минтип эл башында, элдин талабын тартып мамлекет тарабынан коюлган тапшырмаларды татыктуу тартып баратышат.

Жаманбы, жакшыбы - ал экинчи суроо. Элдин демократиялык каалоосу, тандоосу ушулар болду. Ушул үчөөнүн командасы чынында бир канча тармакта жетишээрлик эле секирик жасады. Алардын көзгө көрүнөөрлүгү бул улуттук коопсуздук жана куралдуу күчтөр. Экономикадагы өсүү дал ушул жетишкендиктерге алып келди. Ал эми кемчиликтер болбой койбойт. Ал бул процесстердин ажырагыс бөлүгү. Ушундай олку -солку учурда өлкө тагдырын өз мойнуна алып, жоопкерчилик менен иштеп жаткан жигиттерге, чыгаан уулдарга кантип бут тосуу болбой койсун, сөзсүз болот.

Бул да болсо саясий процесстердин бир бөлүгү. Бут тосуунун эң универсалдуу куралы - команданын ичинде ажырым жаратуу. Ажырымды коомдун оюна сиңдирүү үчүн ар түрдүү тамырсыз кептерди пайдаланышат, анын таралуусуна салым кошушат. Бирок саясатка көзү канган кишиге бул жөн гана кеп жана чындыкка дал келбеген сөздөр катары кала берет. Биздин тапшырма, мекенди сүйүү жана анын өсүп өнүүсүндөгү аракеттерге жардам кылуу.

- Рахмат.

Последние новости