www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.
Окуу жайдын маалыматына ылайык, операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Омурбек Алишов менен биргеликте жасады.
“Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саат созулду. Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказынан операцияны ийгиликтүү жасап бүттүк”, - деди врач-хирург, онколог Жанек Белеков.
ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.
Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.
2022-жылдын декабрь айында клиника үчүн окуу жай "тез жардам" унаасын да сатып алган.
Булак:NazarNews.kg