www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар “Соттордун статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караштырууда.

Өзгөртүүлөрдө фракциялардын катчылыктарында, депутаттык топтордо, Жогорку Кеңештин Аппаратынын комитеттеринин бардык бөлүмдөрүндө иштеген жогорку юридикалык билими бар кызматкерлердин кызмат ордун ээлөө үчүн юридикалык кесиби боюнча иш стажы катары эсептөө сунушталды. 

Депутат Медербек Алиев Конституцияга ылайык, конкреттүү иш боюнча судьялардан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок экенин эске салды. Эл өкүлү белгилегендей, жарандар депутаттарга соттордогу адилетсиздик боюнча даттануулар менен кайрылып жатышат. Парламентарийлер да ишти мыйзам чегинде кароо өтүнүчү менен сотко кайрылуу жолдошууда.

Медербек Алиев бул көрүнүш басымбы деп сурады.

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, бардыгы арыздын мазмунуна жараша болот деп жооп берди.

Депутат суроосун дагы бир жолу кайталады.

Жогорку инстанциянын жетекчисинин орун басары судьялар ишти мыйзам чегинде карап жатканын айтты.

Парламентарий менен судьянын ортосунда чыр чыкты.

Нурлан Мусаев жалпысынан тигил же бул кылмыш иши боюнча кайрылуулар кысым катары каралышы мүмкүн деп жооп берди. "Силер бир тараптын кызыкчылыгы үчүн кайрылып жатасыңар",-деди ал.

Чырга Жогорку Соттун дагы бир орун басары Нургүл Бакирова кийлигишти. Анын айтымында, тигил же бул кайрылууга судья өзү баа берүүгө укуктуу.

"Бул жарандык же кылмыш иши болобу, тараптар өтүнүч менен кайрылышат. Аларды эске алабызбы, жокпу, аны сот өзү чечет. Судья чечим кабыл алууда мыйзамды жетекчиликке алышы керек. Ошондуктан тигил же бул кайрылууга өзү баа берүүгө укугу бар”,-дейт Нургүл Бакирова.

Эл өкүлү судьялардан профессионалдуу жооп ала элекпиз деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости