www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын маалыматтык коштоо үчүн Медиа-штаб түзүлдү.
Медиа-штаб Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, 19-августтан 7-сентябрга чейин иш алып барат.
Анын негизги милдети — эл аралык иш-чаралар тууралуу коомчулукка ыкчам, так жана актуалдуу маалымат жеткирүүнү камсыз кылуу.
Медиа-штабдын ишине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да катышууда.
Алар коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүгө көмөктөшөт.