www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК академиясында курсанттар аскердик ант беришти

27-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы академиясында курсанттардын аскердик ант берүү аземи өттү.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага УКМКнын жетекчилиги, Академиянын өкүлдөрү, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери, кызматкерлер, курсанттар жана чакырылган коноктор катышты.

УКМКнын жетекчилиги өз сөзүндө аскердик ант Мекенге, элге жана аскердик милдетке берилгендиктин ыйык анты экенин белгиледи.

Курсанттарга кесиптик даярдыкка, тартипке, чынчылдыкка жана ак ниеттүүлүккө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы айтылды.

Ошондой эле курсанттар келечекте татыктуу офицер болуп, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга жана анын эгемендүүлүгүн бекемдөөгө салым кошоруна ишеним билдирилди.

Аземдин алкагында курсанттар кол күрөш ыкмалары жана күжүрмөн куралды колдонуу техникасы боюнча көрсөтмөлүү өнөрлөрүн тартуулашты.

Последние новости