www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Олаф Шольц Европа Биримдигине (ЕБ) жаңы өлкөлөрдүн кирүү процессин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал DPA агенттигине билдирди.

Бул үчүн Брюссел "өз структураларын жана чечимдерди кабыл алуу процесстерин модернизациялоосу керек", - деди Германиянын канцлери. Ал бул маселени 23-24-июнда өтүүчү Евробиримдиктин саммитинде көтөрүүгө ниеттенүүдө.

Эми Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер болгон мамлекеттер бардык мүчө мамлекеттердин бир добуштан чечими менен гана статуска ээ боло алышат. Бирок, Шольц бул принципке шек санаарын кошумчалады.

Германиянын канцлери Брюсселди Украинанын статусун "биримдик духунда" чечүүгө үндөдү. Ал белгилегендей, процесс татаал болот, анткени Евробиримдикке кирүүнү каалаган ар бир талапкер өлкө көптөгөн талаптарды аткарышы керек.

Белгилей кетсек, буга чейин Еврокомиссия (ЕК) Украинанын Евробиримдикке мүчө болуу арызы боюнча чечимин жарыялаган. Евробиримдикке мүчө статусун сактап калуу үчүн Украина бир катар реформаларды жүргүзүшү керек. Алардын ичинде сот реформасын улантуу жана Конституциялык соттун реформасын ишке ашыруу бар.

Мындан тышкары, өлкөдө коррупцияга, олигархияга, арам акчаны адалдоого бөгөт койгон мыйзамдар кабыл алынышы керек. Украина да улуттук азчылыктар жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөртүүсү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости