www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунун Сафаровка айылындагы №1 мектептин мугалими Мээримгүл Эргешбаева өз каалоосу менен жумуштан кетти. Бул тууралуу аталган окуу жайдын директору Даткайым Нуралиева билдирди.
Анын айтымында, Мээримгүл Эргешбаева учурда эс алууда. «Ошол окуядан кийин ал иштебей калган. Маалым болгондой, ал алгач ооруканага жатып калып, андан соң эмгек өргүүсүнө чыгып, андан кийин жумуштан бошотулган», - деди Даткайым Нуралиева.
Ал белгилегендей, окуянын чоо-жайын тактоо үчүн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссиянын сунушу менен 7-класстын класс жетекчисине карата чара көрүлгөн. "Ал мындан ары класс жетекчиси эмес", - деп кошумчалады директор.
"Окуучу ооруканадан чыккандан соң, каникул башталганга чейин сабакка келип жүрдү", - дейт Даткайым Нуралиева.
Эске салсак, окуучунун мугалим тарабынан сабалышы 23-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 мектепте болгон.
Булак: NazarNews.kg