www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар өткөн кылымдын 60-80 жылдары Брежневдин заманында төрөлүүнүн чокусуна чыккан калк болгон. СССРдин калкасы менен ушул жылдары кыргыз эли эки эсе көбөйүштү. Элеттик мектептерде он балалуу жана андан көп үй-бүлөлөрдүн балдары абдан көп учурап, алты-жети балалуу үй-бүлө аз сандагы балалуулардын катарында болгон. Азыр алты-жети балалуу үй-бүлөлөр көп балалуу үй-бүлө катары орден-медалдарды алып жатышат. Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин калкынын саны бирдей 5 миллионго чукулдап калган. Эми Тажикстанда калк 8 миллиондон ашып, бизден эки миллиончо көптүк кылат. Бул эки миллион каякка кетти?

Шордуу Кыргызстан, сенде төрөлүп, бирок өз мекенин башка деп эсептегендердин торунан качан кутуласың?

Колунда барлардын бары өзүнүн тарыхый мекендерине шуу коюшуп, колунда жоктору ансыз деле «ээмп» жатып байып бараткан Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин аңдып калышты. Кыргызстандын Туусун алмаштыргандардын аттуу-баштууларын жаза кетели:

Алижан Ибрагимов Токмоктук уйгур, бала чагында базарда жашылча сатып эле карапайым үй-бүлөдө чоңойгон. Кийин анын чет өлкөдөн чоң энеси табылып калат. Ал графтын үй-бүлөсүнөн болуп, ошол кемпир байлыгын мурас кылып Алижан Ибрагимовго жазып калтырган экен. Ошондон кийин ал «ГРАФ» деген макамга ээ болуп калган да, Алматыга кетип калган. Ал өзүнүн уйгур, күрд, өзбек туугандарына жана Кыргызстанда жашаган уйгур, күрд, өзбектердин кээ бирөөнө жардам берип турду. Токмоктун бир көчөсүн толук асфальттап берди. Токмокто, Бишкекте, Ысык-Көлдө хансарай куруп койгон. Баласын үйлөнткөндө тойду Токмокто өткөргөн. Якубович, Филипп Киркоров, Николай Басков жана башка Орусиянын мыкты ырчылары келген. Алижан Ибрагимовдун завод –фабрикалары, банктары көп, бирок Кыргызстанда эмес, Орусия, Казакстанда. Миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токмок шаарында өткөн. Бизнесмен Бельгияда коронавирустан каза болгон. Ал COVID-19 вирусун Казакстанда жуктурган. Ден-соолугу качарлап кеткендиктен Бельгияга дарыланууга барган. Маркумдун Киргизия көчөсүндөгү үйүнө базар тараптан барчу жол жабылган. Маркумдун үйүнүн жанына токтотулган унаалардын ичинен Казакстан, Орусиянын номурлары жана дипломатиялык номурлар тагылган унаалар толгон. Үйдү жеке күзөт кызматынын кызматкерлери кайтарып, үйдүн сыртында милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат. Сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынган, бирок каалаган адам бизнесмендин үйүнө кире алат. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген адамдардын катарында Ибрагимовдун бизнес-өнөктөштөрү — кыргызстандык ишкерлер Александр Машкевич менен Патох Шодиев, саясатчы Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев жана башкалар болгон.

1971-жылы Кыргызстандын Беловодск айылында туулган Виталий Кличко олимпиаданын жана дүйнөнүн көп ирет бокс боюнча чемпиону болгон. Өзү украиналык, Таяталары еврей улутунан болгондуктан Холокостто немецтер тарабынан жок кылынган. Өз мекенине кайтып кетип, учурда Кличко 2014-жылдан бери Киев шаарынын мэри. Украинанын баатыры.

Салижан Шарипов- Кыргыз Республикасынын алгачкы космонавты. Ал 1964-ж. 25 августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Өзгөндөн орто мектепти, Приморьедеги жогорку учкучтар окуу жайын бүтүп, Токмоктогу илимий-машыктыруучу полкто учкуч-инструктор болуп иштеп жүргөндө космонавттар борборуна кабыл алынган. Салижан Шарипов 1998-ж. 22-январда америкалык-орусиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан Орусиянын сексен сегизинчи, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп “Шаттл-Спейc” космос кемеси менен космоско учкан. Космостон “Шак” деген ысым алган. Космоско Орусиянын атуулу катары учкан, улуту өзбек. Кыргыз жана Өзбек Республикаларынын Баатыры. Өзбектин Туусу алдында сүрөткө түшүп калган.

Даңазалуу кыргызстандык чечендин бири Махмуд Эсембаев. Бул бий өнөрү менен ааламдын оозун ачкан. Махмуд Эсембаев айткан: «Менин эки бөйрөгүм бар сыяктуу, эки мекеним бар. Бири - Кыргызстан, бири - Чеченстан» - деп. Чечендер, балкарлар, ингуштар, карачайлар Хрущевдин заманында өз мекенине кайта баштайт, ал эми кайра куруу заманында биротоло кетип бүтүшөт.

Еврей Александр Машкевичтердин үй-бүлөсү 1941-жылы Кыргызстанга эвакуацияланып, ошол бойдон калып калышкан. Александр Машкевич өзү 1954-жылы Кыргызстанда жарык дүйнөгө келген. Педагогика илимдеринин кандидаттыгын жактай алган. Фрунзедеги педагогикалык институтта (ФПИРЯЛ) факультеттин деканы да болууга жетишкен. Анан кайра куруу доору башталганда бизнеске ооп кеткен. Бүгүнкү күндө Израилде жашайт. Машкевич «Кумтөр» долбоору боюнча көз боемочулуктун башатында «Сиабеко Групп» компаниясы менен бирге турган. Бул компаниянын президенти Канаданын жараны Бирштейн, ал эми вице-президенти Машкевич болгон. Ошол убакта «Кумтөрдү» иштетүү боюнча башка бир катар компаниялардан көбүрөөк пайдалуу сунуштар түшкөнү менен алтын кенин иштетүү мүмкүнчүлүгү эч кандай конкурсу жок эле «Камеко» корпорациясына берилген. Ошентип «Кумтөр» долбоору боюнча алданып калганыбызды кечирээк байкап, жер сабаганыбыздан пайда чыккан жок. Ал эми Бирштейн менен Машкевич өздөрүнүн максаттарын жүзөгө ашырып алган соң, аталган долбоордон акырын чыгып кетишти.

Токмок шаарында туулган дагы бир чечен «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев тууралуу кептин аягы бүтпөй келе жатат. Акаевдин заманы учурунда чечендердин мафиясы Кыргызстанды каптап кеткен. Ар бир баш көтөргөн кыргызстандыктарды чечендер жанчып турган. Ушундай мезгилде чечендерге каршы «авторитет» Рыспек Акматбаев чыгат. Акматбаевдин криминалдык топтору менен Азиз Батукаевдин криминалдык топтору ортосунда кандуу кармаштар болуп турган. Азиз Батукаевдин криминалдык топтору Рысбек Акматбаевдин бир тууганы парламент депутаты Тынчтык Акматбаевдин өлүмүнө себеп болот. Көп өтпөй Рысбек Акматбаев да мечиттен чыгып келе жатып ажалга туш болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости