www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Бул факт КЖБРга Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен катталган.

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн РИИБ болсо Айзаданын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. Бишкек шаарынын тергөөчүлөрү Аламүдүн РИИБге Айзаданы уурдоо жана өлтүрүү боюнча козголгон кылмыш иштерин бир сотко чейинки өндүрүш ишине бириктирүүнү сунушташты.

Ал эми шалаакылыкка жол берген милиция кызматкерлеринин ишин УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тергеп жатат.

Буга чейин Айзаданын уурдоого шектелип 4 адам кармалган. Алар: 1995-жылы туулган Т.К., 1992-жылы туулган Р.А., 1989 жылы туулган Р.З. жана 1991-жылы туулган Н.О.. Шектүүлөр 2 айга СИЗО-1 жайына камакка алынган.

Шектүүлөрдүн катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлдү. Соттун уруксаты менен уюлдук байланыш компанияларынан абоненттердин ортосундагы уюлдук телефондор аркылуу байланыштары боюнча маалыматтар алынган.

Андан тышкары шектүүлөрдүн Айзаданын өлүмүнө байланышы бар же жок экенин аныктоо үчүн каргашалуу окуя болгон күнү кийип жүргөн кийимдери соттук-биологиялык экспертиза үчүн алынды.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн Бишкек шаарында жүргөн жерлериндеги видеокамералардан видеолорду алышты. Шектүүлөрдүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Тергөөчүлөр башка күбөлөрдү дагы аныктоону улантып жатышат.

Андан тышкары Балыкчы ШИИБге маркумдун апасын сурап, аны жабырлануучу деп таануу жөнүндө тапшырма берилген.

«Апасынын, туугандарынын жана жакындарынын абалын эске алып, ошондой эле акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүп, бошобой жатышканына байланыштуу, маркумдун апасын суроо жана аны жабырлануучу деп таануу иши жылдырылган», - деп айтылат Бишкек ШИИББдин маалыматында.

Ошондой эле милиция чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

«Жалган маалыматты тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости