www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Штефан Таркович Бишкекке келип, Кыргыз футбол бирикмеси менен келишим түзүп, расмий түрдө улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызматын ээледи.

Келишим бүгүн түзүлүп, анын мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген.

“Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футбол бирикмесинин президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз”, - деди словакиялык адис.

Кыргыз футбол бирикмесинен белгилешкендей, кол коюлган документте Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасын көзөмөлдөй тургандыгы, ал эми машыктыруучулук штабында ага аны менен бирге келген жардамчылары жана ата мекендик адистер жардам берери каралган.

Эскерте кетсек, словакиялык адис Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курмасынын башкы машыктыруучусу болуп 24-апрелде дайындалган. Мындай чечим Кыргыз футбол бирикмесинин аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынган.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы катары Штефан Таркович төмөнкүдөй жетишкендиктерге ээ:

  • “Bangkok Cup” Кубогундагы жеңиш/2018-жылдын март айы;
  • ЕВРО 2016/2016-жылдын июль айы плей-оффко чыгуу;
  • Словакия курама командасынын ФИФА рейтингиндеги эң жогорку орду (14-орун) / 2015-жылдын августу.
  • Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусу катары:
  • ЕВРО-2020га чыгуу / 2020-жылдын ноябрь айы.
  • УЕФАнын аналитиги болгон.

КФСдан кошумчалашкандай, башкы машыктыруучу кызматына 30 талапкер каралып, анын ичинен курама команданын башкы машыктыруучусу кызматына эң ылайыктуу 5 талапкер тандалган. Жыйынтыгында КФС Аткаруу комитетинин чечими менен Штефан Таркович башкы машыктыруучу болуп бекитилген.

Белгилей кетсек, улуттук кураманын буга чейинки машыктыруучусу Александр Крестинин ушул жылдын 3-апрелинде кызматын тапшырган. 
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости