www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Жалпы республикалык тестирлөө төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:

I этап: 2023-жылдын 20-21-майында;

II этап: 2023-жылдын 23-24-майында;

III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда — жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө.

“Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19-22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости