www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто никаб кийген 28 аял айыпка тартылды

Ош облусунда коомдук жайларда адамдын жүзүн аныктоого тыюу салган кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзамды бузган жарандарды аныктоо боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, «Экстремист» операциясынын алкагында коомдук жайларда бети толук жаап жүргөн 28 аял табылган. Бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде протоколдор түзүлдү. Мыйзам бузгандардын ар бирине 20 миң сомдон айып салынды.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстан коомдук жайларда бетти идентификациялоону жашырган кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. Коомдук жайларда никаб кийүү 20 миң сом айыпка жыгылат.

Президент Садыр Жапаров бетти толугу менен жашырган никаб жана паранжа кийүүгө каршы чыгып, бул коомдук коопсуздукту сактоо үчүн маанилүү экенин белгиледи. Муфтият муну колдоп, никаб мусулман аялдар үчүн милдеттүү эмес экенин баса белгиледи.

Последние новости