www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан 11 жыл мурун 19 жашында киши колдуу болуп көз жумган Камила Дүйшөбаеванын өлүмү ачылганын Ички иштер министрлигинин маалыматтарына таянуу менен «ЭЛТР» мамлекеттик телеканалы 15-октябрда жарыялады. 11 жыл мурунку резонанстуу кылмыш ишке шектүү делип 17 жаштагы Айсулууну өлтүргөн жарандын аты аталды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын 17 жаштагы тургуну Айсулуу Мукашева 27-сентябрда дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган.
Жогорку соттун басма сөз кызматы А.К.К. буга чейин эмне үчүн соттолгону боюнча маалымат берген.
Ал эми, 1995-жылы туулган Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 16-мартта саат 20:30 чамасында Бишкек-Баш-Кара-Суу жолунун боюнда, тактап айтканда Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылынын четиндеги мүрзөнүн жанынан анын сөөгү табылган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда маркум механикалык асфиксиядан (муунтуу) улам каза болгону айтылат. Буга байланыштуу адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөөдө жарыяланган маалыматтар боюнча, шектүү жалпы 7 кызга карата кылмыш жасаганын айтып берген. Анын төртөөнү өлтүрүп, экөө аман калган. Жетинчи кызды да талаага алып барып зордуктап, өлтүрбөй таштап кеткенин айтты.
Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат даярдалып жатканын билдирди.