www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кызматы Конституцияда белгиленбеген адамдын президентибизди, бийлик түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин сынга алып, акыл үйрөткөнүн каерден көдүңүздөр эле?», - деп суроо салды «Ата Журтум - Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы Шүкүрбек Эркебаев.
«Кызматы Конституцияда белгиленбеген адамдын президентибизди, бийлик түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин сынга алып, акыл үйрөткөнүн каерден көдүңүздөр эле? Мамкызаттын этикасы дегенден таптакыр түшүнүгү жокпу, же башка биз билбеген ою, максаты бар беле?
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков маалымат каражатына маек берип, президентти баш кылып, бүгүнкү бийлик башындагыларды сынга алды. Чындап келгенде анын сындаганга акысы жок болчу.
Анткени, анын кызматы мыйзамдык жактан бекемделген эмес. Анын согуштук, коопсуздук маселелерин жакшы билет экен деген максатта атайын ал үчүн бул кызмат түзүлгөн эле. Көпчүлүк бир канча тил билет, дипломат адам, ишеним менен тапшырылган кызматты мыкты, жогорку деңгээлде аткарат го деп күтүшкөн. Көрсө, Таалатбек мырза мыкты котормочу болгону менен деңгээли мамкызматты тартып кетүүгө жетпейт көрүнөт.
Мындай балп этмесинен кийин анын бул кызматта отурууга моралдык акысы барбы? Албетте, жок. Баары мыйзамдуу талаага келтирилип, кызматты жоюп, Т. Масадыковду кызматынан бошотуп коюу туура чечим болот деп эсептейм», - деп жыйынтыктаган Эркебаев.
Булак: NazarNews.kg