www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору менен маек.

-- ККМ боюнча эл нааразычылык билдирүүдө. Акылбек Жапаров убактылуу токтото турууну айтты. ККМдин мындан аркы жолдору кандай болот?

-- Эгер биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн туруктуулугун жана өнүгүүсүн кааласак, ар бир ишкер салыгын төлөш керек. Бирок салык төлөө процедуралары кандай болору тууралуу мамлекет бирдиктүү, түшүнүктүү саясат жүргүзүүсү зарыл эле.

Айтайын дегеним, экономика кыйын кырдаалга тушугуп турганда, ишкерлердин абалы оор убакта, сатып алуунун көлөмү анча эмес учурда “салык төлө, буга төлө” деп кыйнап, салыктын көлөмүн чоңойтуу – бул бүт эле ишкерлерге жага бербейт. Ошондуктан мындай саясатты ойлонуп жасоо зарыл эле.

ККМдин максаты – көмүскөдөгү акча жүгүртүүлөрдү ачыкка чыгаруу. Митингде, мисалы, чачтарачтар чыгышты. Бирок сиз чачтарачка барганда накталай акча төлөйсүз. Бирок ал акча эч жерде көрүнбөйт.

Ошол акча жүгүртүүлөрдү ачыкка чыгарып, көрөбүз (!) деген максатта киргизип жатышкан. Бирок мен ойлойм, акча жүгүртүү, акчаны эсепке алуу маселеси биринчи орунда болуш керек эле.

Менин позициям ККМди киргизерден мурда биздин ишкерлерге, жөнөкөй адамдарга акча жүргүзүүнү, акча которууну, аны эсепке алууну жеңил жана керектүү кылып коюш керек болчу. Эл накталай акчаны көтөрүп жүрбөй, телефон менен төлөй турган кылып койгондо, мындай маселе жаралмак эмес.

Ошондуктан даярдалбаган, өтө ылдамдыкта, “бюджетти тез эле толтура коём” деген максатта жасалган бул кадам туура эмес болуп калды. Бүгүнкү күндө байма-бай нааразычылык акциялары болуп жатат.

Анан аргасыздан “токтото туралы” дейт да. “Убактылуу токтото туралы” дегени бул эмоционалдык утуш ишкерлер тарапта болуп калды. Эми ККМ тууралуу мындан ары татаалдаша берет. Себеби, бул бир адатка айланчу көрүнүшкө айланат.

Мындан аркы кадамдарын ойлонуп, башкача бир жол менен ишке ашпаса, кыйын болот. Муну менен “ишкерлер салык төлөбөсүн” дегенден алысмын. Албетте, ар бир ишкер колунан келишинче салык төлөп турушу керек.

-- Ишкерлердин кирешелүүлүк нормасы кандай?

-- Мисалы, ишкерлердин салык төлөөгө акчасы артып жатабы? Ошол эле чачтарачты, же базарда отургандарды “баланча табышат” дешет. Ооба, ошончо табышат, бирок бир үй-бүлөнү орто эсеп менен багууга 40-50 миң сом керектелсе, анан дагы башка чыгашалары болсо, таптакыр эле өзүнө жетпеген каражат калат.

Андыктан ушул маселелерди да эске алып, бааларга жараша саясат болушу керектигин унутпайлы. Бүт эле ишкерлер кирешелүү иш менен алектенбейт. Бул биздин экономиканын абалына, элдин сатып алуу, керектөө мүмкүнчүлүгүнө жараша болуп жатат.

Ошонун баарын эске алуу шарт эле. Салык саясатында, салыкты жыйноо үлгүсүндө абдан ойлонуп, ишкерликтин мүмкүнчүлүктөрүн, экономиканын, элдин сатып алуу дараметтеринин баарын эске алып, ыңгайлуу саясат жүргүзгөндө гана ийгиликтер жаралат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости