www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шольц Украинанын сынына кескин жооп берди

Германия Украинага зарыл болгон аскердик жардамды берерин ФРГнын канцлери Олаф Шольц Münchner Merkur басылмасына курган маегинде айтканын РИА Новости жазды.

"Бул өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу айтылгандын бардыгы чындыкка дал келбейт. Ал эми айрымдар маселенин татаал экендигин сезбей жатышат", — деген ал.

Канцлер Германия гаубица же зениттик комплекс сыяктуу заманбап куралдарды берип жаткандан кийин жоокерлер аны колдонуу боюнча жогорку даярдыктан өтүшү керектигин айткан. Болбосо куралдардын майнабы болбойт, андан сырткары, мындай система үчүн ок-дары керек.

Шольц согуштук жабууларды автоунаа катары атайын борбордон сатып алууга болот деп ойлогондор катуу жаңылышарын белгиледи.

"Айтылган сын-пикирлерге чыдаш керектигин сезип турам. Бирок өзүмдү оор басырыктуу, салмактуу алып жүрүүгө мажбурлабайм", — деген канцлер.

Украина бийлиги Батыш өлкөлөрүнө курал берүүнү жөнгө салуу боюнча бир нече ирет кайрылган. Киев Германияны ар кыл түрдөгү куралдарды берүүдө жай кыймылдап жатат деп бир нече ирет күнөөлөгөн. Давостогу форумда сүйлөгөн Украина президенти Владимир Зеленский өлкөгө Батыш берип жаткан эмес, ал сураган куралдар керектигин жар салган.

Орусия Киев режимине курал берип жаткан бардык өлкөлөргө дипломатиялык нота жөнөткөн. РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров бул жүктөр Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасы болуп жаткандыгын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости