www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги «Учкундагы» имараттан башка кеңсеге көчкөн. Холдингдин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк бул тууралуу Министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда президенттин катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Теңгиз Бөлтүрүк башка имаратка көчүүгө «Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги түзүлгөнүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калганы себеп болгонун айткан.

«Бир ай мурда бул окуя боюнча президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген. Ошону менен бирге «Кумтөрдүн» гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү.

Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган. Ал эми азыркы кеңседе убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы кеңсе курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан).

 Бир жылдын ичинде жаңы имарат куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду», - деп айтылат расмий маалыматта.

Эске салсак, буга чейин ЖКнын депутаты Жеңишбек Токторбаев «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк Бишкектин борборунда кымбат баалуу кеңседе отураарын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости